ЖК комитети парламенттин өзүн-өзү таркатуу сунушун жактырды

Жогорку Кеңеш Загрузка... 23 Сентябрь 2025 12:08
Izobrazhenie_WhatsA_lXCgrbu.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 23.09.25. /Кабар/. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети бүгүн, 23-сентябрда VII чакырылыштын өзүн-өзү таркатуу сунушун карады. Бул тууралуу парламенттен кабарлашты.

Бул маселе боюнча депутат Улан Примов маалымат берип, ал демилгечи топто 32 депутат бар экенин белгиледи.

"Эки маанилүү окуянын - президенттик жана парламенттик шайлоонун айырмасы эки айга жетпеген убакытты түзөт. Андыктан өлкөдөгү саясий системаны жана туруктуулукту бекемдөө максатында демилгечи топ парламентке ыйгарым укуктарын өз ыктыяры менен өткөрүп берүүнү сунуштап жатат", - деген пикирин билдирген Улан Примов дагы маанилүү жагдай - шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү экенин белгиледи.

Жыйынтыгында комитет бул сунушту Жогорку Кеңештин кароосуна, анын ичинде парламенттин жыйынында кароо күнүн аныктоо үчүн Координациялык кеңештин кароосуна жөнөттү.