Парламент Эсептөө палатасын реформалоо боюнча мыйзамды кабыл алды

Жогорку Кеңеш Загрузка... 11 Март 2026 14:20
711460.5bd28947e0dcae3b77e148b36547c184.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 11.03.26 /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында президент демилгелеген "Эсептөө палатасы жөнүндө" конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу долбоор экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.

Мыйзам долбоору Эсептөө палатасынын ишин оптималдаштырууну көздөйт.

Негизги өзгөртүү катары аудиторлордун санын 9дан 3кө чейин кыскартуу сунушталууда.

Жаңы түзүмгө ылайык, Эсептөө палатасы үч аудитордон: дайындалган төрагадан, палатанын аппаратынан жана анын аймактык бөлүмдөрүнөн турмакчы.