Бишкек, 13.05.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында "Эмгек, социалдык камсыз кылуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда кабыл алынды.
Мыйзам долбоорун министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген.
Мыйзам долбоору "Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди, стипендияларды жана башка социалдык төлөөлөрдү өз убагында берүүнү камсыз кылуу жөнүндө" мыйзамды жана ага байланыштуу башка мыйзам актыларын актуалдуулугун жоготкондугуна байланыштуу күчүн жоготту деп таануу менен Кыргызстандын эмгек, социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү максатында иштелип чыккан.