Бишкек, 22.04.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар "Эмгекти коргоо жөнүндө" мыйзам долбоорун карап, үчүнчү окууда кабыл алышты.
Мыйзамдолбоорун министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген.
Маалымат менен Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Гүлнара Баатырова тааныштырып, мыйзам долбоору кызматкерлер үчүн дени сак жана коопсуз эмгек шарттарын түзүү, өндүрүштөгү кырсыктарды жана кесиптик оорулардын алдын алуу, ошондой эле мамлекеттик деңгээлде эмгекти коргоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана мындан ары аталган мыйзамды өркүндөтүү максатында иштелип чыкканын билдирди.
Мыйзам долбоору эмгекти коргоо ченемдерин жана стандарттарын сактоону натыйжалуу көзөмөлдөөнүн укуктук негизин түзүп, эмгек шарттарынын абалына карата иш берүүчүлөрдүн жоопкерчилигин жогорулатат.