Парламент эки жаңы министрликтин жетекчилигине талапкерлерди жактырды

Жогорку Кеңеш Загрузка... 14 Май 2025 14:20
hd-1747207220582.jpeg
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 14.05.25. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Бактияр Орозовду илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри кызматына жана Догдуркүл Кендирбаеваны агартуу министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселесин карашты.

Парламенттен билдиришкендей, президент Садыр Жапаров сунуштаган талапкерлер менен президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды. 

Талкуунун жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Бактияр Орозовду илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри кызматына, ал эми Догдуркүл Кендирбаеваны агартуу министри кызматына дайындоого макулдук берди.

Жогорку Кеңештин тиешелүү токтомдору кабыл алынды.