Парламент БШК мүчөлөрүнүн санын кыскартууну I окууда колдоду

Жогорку Кеңеш Загрузка... 12 Март 2026 13:59
3.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 12.03.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын курамын оптималдаштырууга багытталган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Мыйзам долбоорун төрага Марлен Маматалиев баштаган бир катар депутаттар демилгелеген.

Мыйзам долбоору менен БШКнын мүчөлөрүнүн санын 12ден 7ге чейин азайтуу сунушталууда. Демилгечилердин бири Нурбек Сыдыгалиев экинчи окууда бул санды 8ге чейин түзүү сунушу караларын билдирди.

Мындай сунуш шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө комиссиянын ишин ыкчам жана сапаттуу уюштурууга багытталууда.

Талкуу учурунда депутаттар гендердик өкүлчүлүктү сактоо, добуштар тең чыгып калган учурдагы чечимдер жана комиссия мүчөлөрүнүн макамы боюнча суроолорду көтөрүштү.