Парижде кармалган шектүүлөрдөн Луврдан уурдалган зер буюмдар табылган жок

Дүйнө 30 октябрь 2025 14:37
Парижде кармалган шектүүлөрдөн Луврдан уурдалган зер буюмдар табылган жок

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 30.10.25 /Кабар/. Франциянын укук коргоо органдары Луврдан уурдалган асыл таштарды тоноого шектүү делген беш жаранды кармоо учурунда уурдалган зер буюмдарды таба алышкан жок. Бул тууралуу RTL радиостанциясы билдирди.

Бейшемби күнү радиостанция беш жаңы шектүү шаршемби күнү кечинде Париж аймагынын ар кайсы жерлеринде бир убакта кармалганын маалымдады.

Радионун берүүсүнө ылайык, шектүүлөрдү кармоо учурунда асыл таштар табылган эмес.

Буга чейин 19-октябрда Париждеги Лувр музейинен император Наполеон Бонапарттын жубайы Жозефинага таандык болгон тогуз даана зер буюм уурдалган. Ошондон бери полициянын издөө иштеринен майнап чыкпай келет.