Эсептөө палатасы “Кыргызиндустрия” ААКнын 2023-2024-жылдарга карата ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүп, анда олуттуу мыйзам бузууларды аныктаган.
“Кабар” агенттигине берген маегинде Эсептөө палатасынын аудитору Пардаали Батиров көйгөйлөрдүн себептери, туунду ишканалардын ишиндеги натыйжасыздык, мамлекеттик инвестициялардын көлөмү жана кырдаалды оңдоо боюнча сунушталган чаралар тууралуу айтып берди. Маекте бюджеттик каражаттарды пайдаланууда ачык-айкындуулуктун жана коомдук көзөмөлдүн маанилүүлүгү тууралуу да сөз болду.
– Пардаали Сулейманович, кечээ Эсептөө палатасы “Кыргызиндустрия” ААКсынын ишмердүүлүгү боюнча 2023-2024-жылдарга карата жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгын карап чыкты. Бул аудит эмненин негизинде өткөрүлдү жана анын негизги максаты кандай болгон?
– Бул аудит Эсептөө палатасынын аудитордук иш планынын алкагында жүргүзүлдү. Аудиттин негизги максаты – “Кыргызиндустрия” ААКнын мамлекеттик ресурстарды пайдалануудагы мыйзамдуулук, максаттуулук жана натыйжалуулук боюнча ишмердүүлүгүн баалоо болду. Себеби аталган ишкана мамлекет тарабынан түзүлгөн, өнөр жай тармагын жандандырууга багытталган стратегиялык орган болуп саналат. Демек, анын ишмердүүлүгү өзүнө өзгөчө көңүл бурууга тийиш.
– Аудит учурунда кандай негизги бузуулар жана көйгөйлөр аныкталды?
– Аудиттин жүрүшүндө жалпы 19 миллион сомдон ашык каржылык мыйзам бузуулар жана натыйжасыз чыгашалар аныкталды. Алардын катарына негизсиз эмгек акы төлөө, нак акча жана товардык-материалдык баалуулуктардын жетишсиздиги, салык жана Социалдык фонд боюнча мыйзам бузуулар, продукцияны өздүк нарктан төмөн сатуу жана башка маселелер кирет. Ошондой эле башкарууда олуттуу кемчиликтер орун алган – сатып алууларда жана мүлктү ижарага берүүдө белгиленген тартиптер сакталган эмес. Айрым ишканаларга негизсиз түрдө алдын ала төлөмдөр берилгени да катталды.
– Бул көйгөйлөр кайсы себептерден улам келип чыкканын аныктоо мүмкүн болдубу?
– Албетте. Негизги себептердин бири – башкаруудагы жетишсиздиктер жана ички көзөмөл механизмдеринин эффективдүү иштебегени. Коомдун ишмердүүлүгүн жетектей турган бекитилген стратегиялык концепция жок. Туунду ишканалар үстүртөн жазылган бизнес-пландарга таянып түзүлгөн жана каржылык мүмкүнчүлүктөр жетиштүү эске алынган эмес. Бул – ресурстардын максатсыз пайдаланылышына жана жоготууларга алып келген.
– Сиз белгилеген туунду ишканалар тууралуу кенен айтып бере аласызбы?
– 2022–2024-жылдар аралыгында “Кыргызиндустрия” ААКсы тарабынан 30 туунду ишкана түзүлүп, аларга жалпысынан 1,3 миллиард сомдон ашык каражат жумшалган. Бирок көпчүлүгү пландаштырылган максаттарына жеткен жок. Мисалы, “Би Кейр Медикал” ЖЧКсы 18 миллион даана пластырь чыгарууга мүмкүнчүлүккө ээ болгон, бирок иш жүзүндө болгону 1,7 миллион гана продукция чыгарган. Айрым ишканалар өндүрүш кубаттуулугун жарым-жартылай гана пайдаланууда. Бул болсо каражаттардын натыйжасыз колдонулушуна алып келүүдө.
– Жалпысынан “Кыргызиндустрия” ААКсына канча каражат жумшалган жана алардын негизги бөлүгү кайда багытталган?
– Бул коомго 2022–2024-жылдары жалпысынан 2,3 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Анын 88% мамлекеттик бюджеттен, 9% кредиттик каражат, ал эми 3% акциялардан түшкөн каражаттар болгон. Бул сумманын 56% туунду ишканалардын уставдык капиталына жумшалган. Бирок бул каражаттардын пайдалуулугу күмөн туудурат: 2023-жылы болгону 6 ишкана 8,3 миллион сом, ал эми 2024-жылы 4 ишкана 56,5 миллион сом гана киреше алып келген.
– Аудит жыйынтыгында кандай укуктук жана уюштуруучулук чаралар каралды?
– Кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин негизинде, аудитте аныкталган мыйзам бузуулар боюнча маалыматтар Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жана башка тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлдү. Ошондой эле, Эсептөө палатасы тарабынан кемчиликтерди жоюу жана ишти жакшыртуу боюнча бир катар сунуштар иштелип чыкты. Биз сунуш катары башкаруу системасын реформалоону, натыйжалуулукка багытталган стратегия иштеп чыгууну жана бизнес-пландарды дыкат даярдоону сунуштадык. Мындан тышкары, мамлекеттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышын камсыздоочу контрол механизмдерин күчөтүү зарыл деп эсептейбиз.
– Бул аудит коомчулукка кандай таасир берет деп ойлойсуз?
– Эсептөө палатасы коомчулукка ачык-айкын маалымат берүүнү өзүнүн негизги багыттарынын бири катары көрөт. Аудит жыйынтыктарын коом менен бөлүшүү – бул бизге карата болгон ишенимди жогорулатат. Биз жөн гана текшерүүчү орган эмес, мамлекеттик ресурстарды эл үчүн иштетүүнү камсыздоочу активдүү институтпуз. Андыктан биз коомго таркаткан маалыматтарды негатив катары, терс мүнөздөгү материал катары кабыл албай, кемчиликтерди жоюу менен алдыга сүрөгөн прогрессивдүү инструмент катары кабыл алуу абзел. Коомдун ишеними – биздин эң башкы капиталыбыз. Ошондуктан ачыктык, калыстык жана жоопкерчилик – бул биздин ишмердүүлүктүн негизги принциптери.
– Маекти жыйынтыктап жатып, коомчулукка кандай кайрылуу жолдомокчу элеңиз?
– Ар бир жаран мамлекеттик каражаттардын туура жана максаттуу пайдаланылышына кызыкдар. Эсептөө палатасы так ушул максатта жана сиздер менен баарыбыз үчүн иштеп жаткан орган. Биздин негизги максатыбыз – коомдук байлыктын эффективдүү пайдаланылышын камсыз кылуу. Коомчулук биздин ишке кызыгып турса – бул биз үчүн чоң колдоо. Анткени ачык коом – бул өнүккөн коом. Эсептөө палатасы дал ушул багытта иш алып барууда.
Маектешкен Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин директорунун орун басары Халида Эргешева