Майыптыгы бар балдарды машыктырууда жөн гана сыйлык алуу үчүн иштебестен, аларда жашоонун даамын татуу сезимдерин ойготуу маанилүүрөөк. Бул тууралуу Кыргызстандын парасууда сүзүү боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Ислам Турдыев "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде билдирди. Анын пикиринде, бул ар кандай сыйлыктардан баалуу. Эки жогорку билими бар Ислам ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жөн гана машыктыруучу болбостон, ишенимдүү дос да болуп калды. Башкы машыктыруучу өз кесибинин татаал жактарын, кыйынчылыктарын, баалуулуктарын айтып берди.
- Ислам Пархатович, бул спортко кантип келип калдыңыз эле?
- Бала кезимден бери сууда сүзүп келем. Болжол менен 18 жашымда куткаруучу болуп жумушка орноштум, ошол эле маалда акырындык менен балдарга суунун ичинде жүрүүнү көрсөтө баштадым. Муну байкап калган ата-энелер балдары менен иштешимди сурана башташты – ошентип мен машыктыруучу болуп калдым.

- Билимиң кандай?
- Эки жогорку билимим бар: адаптивдик дене тарбия жана сууда сүзүү боюнча машыктыруучу. 1 илимий макала жана 2 илимий байкоо жазгам.
- Эмне үчүн майыптыгы бар балдардын машыктыруучусу болууну чечтиңиз?
- Бир жолу мага өзгөчө муктаж бала келди. Адегенде мен аны менен кантип туура иштөөнү билчү эмесмин, бирок аны түшүнүү кызык болду. Мен маалымат издей баштадым, өзгөчө муктаждыктардын ар кандай түрлөрү, окутуу ыкмалары жөнүндө окуй көп окудум. Мен муну үйрөнө баштагандан соң алгачкы натыйжалар боло баштады. Ал эми биздин кичинекей шаарыбызда адаттагыдай эле “сарафанная реклама” тез иштеп, мага балдарын алып келе башташты.

- Сизде азыр кандай диагнозу бар балдар көбүрөөк?
– Азыркы учурда менин негизги ишим таяныч-кыймыл аппараты бузулган, өзгөчө муктаждыгы бар балдар менен байланыштуу. Ошол эле учурда, Даун синдрому бар жана интеллектуалдык өнүгүүсүндө өзгөчө муктаждыктары бар балдар менен да иштейм.
- Өзгөчө балдар менен иштөө абдан кыйын, ошол эле учурда психолог да болуш керек эмеспи?
– Азыр мен спорт психологиясына кызыгам. Бала менен гана эмес, ата-энеси менен да байланыш түзүү абдан маанилүү. Көбүнчө алар жөн гана "гештальтты жабууну" каалашат. Алар үчүн эң негизгиси бала бир нерсе кылып жатат. Конкреттүү максаты жок болушу мүмкүн. Мен алар менен бирге бул максатты табууга аракет кылам, алар үчүн чынында эмне маанилүү экенин жана кайда барууну каалашат деген маселени издейм.
- Өзүңүздүн атайын машыгуу методуңуз барбы?
- Менин машыктыруучу катары өзгөчөлүгүм - ар бир балага жекече мамиле кылуу жана талапты так коюу болсо керек. Мен балдарды "жөнөкөй" жана "өзгөчө" деп бөлбөйм, ар ким өз мүмкүнчүлүгүнө жараша иштейт жана ар бири менен чынчыл жана сый мамиледе болууга аракет кылам.

- Менимче, балдарды тарбиялоо менен эле чектелбестен, аларды спорт менен гана эмес, жашоодо да жеңишке шыктандыруу абдан маанилүү. Сиздин практикаңызда майыптыгы бар балдар ийгиликке жетип, алардын жашоосу жакшы жакка өзгөргөн учурлар болду беле?
- Мындай учурлар көп болот. Мисалы, майып бала мага сууда сүзүү боюнча сабакка келип, өспүрүм кезинде депрессияга түшүп, кош көңүл болуп, өзүн-өзү өлтүргүсү келген. Ошол учурда кимдир бирөөдөн колдоо издеп, мага чалды. Жигит мага өзүн-өзү өлтүргүсү келгенин айтты. Экөөбүз көпкө сүйлөштүк, туура сөз таап, анын жан дүйнөсүнөн жашоого болгон табитин ойготууга, бир сөз менен айтканда колдоо көрсөтүп, мотивация берүүгө аракет кылдым. Жыйынтыгында баары ойдогудай болду. Кийинчерээк өзү айткандай, ошол учурда менден колдоо тааптыр. Учурда ал машыгуудан баш тартты. Ал азыр иштейт, өзүнүн жеке жашоосу бар жана баары жакшы. Мен ага жардам бере алганыма кубанычтамын.
– Кесибиңиздин кыйынчылыгы жана баалуулугу эмнеде?
- Негизги кыйынчылыктардын бири – бул физикалык машыгуу дененин саламаттыгына байланыштуу эмес экенин бүт үй-бүлөгө жеткирүү. Ал психика, өзүн-өзү сыйлоо жана жашоо сезиминен турат. Кээде үй-бүлө муну дароо түшүнбөй калат, бирок баланын кандай өзгөрүп жатканын көрө баштаганда, түшүнүү пайда болот.
Ал эми эң баалуусу, балким спорт аркылуу биз өзгөчө балдарды социалдаштырууга болорун көрсөтүп, алардын коомдун толук кандуу мүчөсү экенин, спорттук максаттарга жетүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрү бар экенин көрсөтөбүз.

- Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен иштеген тренерлер аз. Сиздин оюңузча, эмне үчүн бул тармакта кесипкөй адистер жетишсиз болуп жатат жана кырдаалды кантип оңдоого болот?
- Учурда Кыргызстанда өзгөчө муктаждыгы бар балдар үчүн реабилитациялык программалар жана сууда сүзүү сабактары барган сайын популярдуу болууда. Чынын айтсам, мен акыркы учурда бул жааттагы тенденцияларды кылдат байкай элекмин, ошондой болсо да бир нерсени так айта алам: бул тармакта кесипкөйлөрдүн саны көбөйүшү үчүн, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын абалын өз башынан өткөргөн же жакындан түшүнгөн адамдарды окутуп, жумушка тартуу өтө маанилүү. Анткени дал ошол адамдар гана алардын реалдуу муктаждыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн терең түшүнөт.