Панамадагы жер титирөөдөн 27 адам жабыркады

Дүйнө 12 октябрь 2026 08:55
Панамадагы жер титирөөдөн 27 адам жабыркады

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 12.10.26 /Кабар/. Панамада күчү 7,6 баллга жеткен жер титирөөдөн кеминде 27 адам жабыркады. Бул тууралуу ТАСС кабарлады.

Маалыматка ылайык, жер титирөөдөн кийин 300гө жакын адам коопсуз жайларга көчүрүлгөн. Ошондой эле 400дөн ашык имаратка зыян келтирилген. Алардын арасында 142 турак үй жана 188 мектеп бар. Каза болгондор жана дайынсыз жоголгондор тууралуу маалымат түшкөн жок.

Жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга көмөктөшүү максатында Латын Америкасы жана Кариб бассейнинин өнүктүрүү банкы Панамага 250 миң доллар бөлгөн.

Жер Ортолук деңиз жана анын айланасындагы өлкөлөрдүн сейсмологиялык борборунун маалыматына караганда, жер титирөө жума күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:56да катталган. Ал эми анын очогу Панаманын борборунан түштүк-батышты көздөй 213 чакырым алыстыкта, 12 чакырым тереңдикте жайгашкан.