Бишкек, 02.09.25. /Кабар/. Пакистандагы суу ташкында 33 адам каза таап, 2 миллионго жакын адам жапа чекти. Бултууралуу Известия Dawn гезитине таянып кабарлады.
Маалыматка караганда, бул Пенжаб провинциясынын тарыхындагы эң олуттуу табигый кырсыктардын бири болуп калды.
Пенжаб штатынын табигый кырсыктар боюнча башкармалыгынын (PDMA) маалыматына ылайык, 23-августтан 31-августка чейин 33 адам көз жумуп, сегизи жарадар болгон. Жабыркагандар үчүн 506 гуманитардык лагер түзүлүп, 760 миң адам жана 516 миң баш мал эвакуацияланган.
Табигый кырсыктар боюнча улуттук башкармалык 1-сентябрдан 3-сентябрга чейин дагы муссондук жамгыр жаап, Исламабадда жана провинциянын башка аймактарында суу каптоо коркунучун күчөтүшү мүмкүн деп эскертти.
Буга чейин 20-августта Пакистандын Карачи шаарында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен 8 адам каза болгону кабарланган. Белгиленгендей, бир нече аймактарда электр жарыгы жана интернет бир нече саатка өчүрүлүп, көпчүлүк үйлөрдү суу каптаган.