Бишкек, 05.03.25. /Кабар/. Пакистанда жанкечтинин кол салуусунан 9 адам каза тапты.
Reuters маалымдагандай, жардыруу Хайбер-Пахтунхва провинциясынын Банну округунда болгон.
Анын кесепетинен кеминде 9 киши каза болуп, дагы 18 адам жаракат алды.
Провинциянын бийлиги муну террордук акт деп, полициянын докладын күтүп жатканын белгиледи.