Пакистанда поезддеги барымтага алынгандардын ичинен 50 адам каза тапты

Дүйнө Загрузка... 13 Март 2025 11:00
WhatsApp Image 2025-03-13 at 06.56.34.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 13.03.25. /Кабар/. Пакистанда поезддеги барымтага алынгандардын ичинен 50 адам каза тапты. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлаганын ТАСС жазды.

Маалыматка караганда, адамдардын өлүмү тууралуу поездди басып алган террористтер билдирген.

Пакистандын күч түзүмдөрү тарабынан барымтадагы 190 адам куткарылды.

Күн мурун Пакистанда поезддеги барымтага алынган 155 киши куткарылганын, алардын 17си ооруканага жеткирилгенин Известия Geo TV телеканалына таянып кабарлаган. Поезддеги куралчан террористтердин 27си жок кылынганы жана жүргүнчүлөрдү куткаруу иштери уланып жатканы айтылган болчу.

Белгилей кетсек, 11-мартта куралданган адамдар Пакистандын Белуджистан провинциясында Кветта шаарынан Пешаварга бараткан поезддеги 450 жүргүнчүнү барымтага алган. Экстремисттер темир жолду жардырып, андан соң поездде ок чыгарган.