Пакистанда катуу жаандан улам 45 киши көз жумду

Дүйнө Загрузка... 30 Июнь 2025 09:27
WhatsApp Image 2025-06-30 at 08.33.04.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.06.25. /Кабар/. Пакистанда катуу жаандан улам 45 киши көз жумду. Бул тууралуу РИА Новости Geo TV телеканалына таянып жазды.

Маалыматка караганда, каза тапкандардын басымдуу бөлүгү - 21 адам Хайбер-Пахтунхва провинциясында көз жумган. Ошондой эле өлүм менен коштолгон кырсыктар Синд, Пенжаб жана Белужистан провинцияларында да катталды.

Пенжаб провинциясында 13 өлүм катталган. Анда 8 баланы катуу жаан-чачындан кийин кулаган дубал же чатыр басып калган. Чоң кишилер сел учурунда каза болгон.

ЖМКлардагы маалыматтар боюнча, катуу жаандын жана селдин кесепеттери дагы бир жума сакталып турат. Шамал электр чубалгыларына, жолго жана транспорт каражаттарына зыян келтириши мүмкүн экени айтылууда.