Пакистанда автобустагы жарылууда төрт бала каза тапты

Дүйнө 21 май 2025 15:46
Пакистанда автобустагы жарылууда төрт бала каза тапты

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 21.05.25. /Кабар/. Пакистанда мектептин автобусундагы жарылууда төрт бала каза тапты. Бул тууралуу Известия Dawn гезити кабарлаганын жазды.

Маалыматка караганда, Белужистандагы жарылууда кеминде төрт окуучу көз жумуп, 38 адам жаракат алган. Жарадар болгондор ооруканага жеткирилип, жеринде укук коргоо кызматкерлери иштеп жатканы айтылды.