Өзүбүздө жасалууда: ДНК анализи үчүн чет өлкөгө баруунун кажети жок – президент

Ден соолук 16 апрель 2026 11:20

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 16.04.26. /Кабар/. Эми ДНК анализин тапшыруу үчүн чет өлкөлөргө баруунун кажети жок. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Ноокат районунун тургундары менен жолугушуу учурунда белгилүү болду.

Өлкө башчысынын айтымында, ДНКны аныктоочу жабдыктар УКМКга алынып келген, анализ менен иш алып баруучу атайын адистер да бар.

Мындан ары аталган анализ үчүн көп акча кетирип, Москва же Алматы шаарларына баруунун кажети жоктугу белгиленди.