Бишкек, 19.08.26. /Кабар/. OpenAI компаниясы 13 жаштан 17 жашка чейинки өспүрүмдөр үчүн коопсуздук чаралары күчөтүлгөн ChatGPT for Teens версиясын ишке киргизди. Бул тууралуу Казинформ жазды.
Жаңы версияда өзүнө зыян келтирүүгө, сексуалдык жана романтикалык мүнөздөгү баарлашууга байланыштуу контентке кошумча чектөөлөр киргизилди. Ошондой эле чат-бот өспүрүмдө ага карата жеке сезимдери же аң-сезими бар деген түшүнүк жаратпашы керек.
OpenAI маалыматына ылайык, система колдонуучунун 18 жашка чыга электигин аныктаса же ал 13-17 жашта экенин көрсөтсө, аккаунт өспүрүмдөр үчүн атайын версияга өткөрүлөт.
ChatGPT for Teens окууга да багытталган. Ал окуучуларга даяр жоопту гана бербестен, маселени өз алдынча чечүүгө жана окуу материалын түшүнүүгө жардам берет.
Мындан тышкары, ата-энелер үчүн көзөмөлдөө функциялары каралган. Алар өспүрүмдүн аккаунтун байланыштырып, ChatGPT колдонулбай турган убакытты белгилей алышат жана айрым кооптуу учурларда коопсуздук тууралуу эскертүү алышат. Бул функцияларды кошуу үчүн өспүрүмдүн макулдугу талап кылынат.
OpenAI бул чаралар өспүрүмдөрдүн жасалма интеллектти коопсуз колдонушуна, билим алуусуна жана сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүсүнө шарт түзүүгө багытталганын билдирди.