Оштогу төрт көмөк чордондо жаңы трансформаторлор орнотулду

Аймак

Бишкек, 16.11.26. /Кабар/. Ош шаарында жана облуста калктын санынын өсүшү менен жаңы өндүрүштүк ишканалардын курулушу электр энергиясына болгон суроо-талапты жогорулатууда. Буга байланыштуу "КУЭТ" ААКнын Ош электр тармактары ишканасы электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн арттыруу максатында каскаддык ыкма менен 4 көмөк чордондо күч трансформаторлорун алмаштырды.

Ишкананын маалыматына караганда, кубаттуулуктарды натыйжалуу бөлүштүрүү төмөнкү тартипте жүргүзүлдү:

  • 35/10 кВ "Ош-7" көмөк чордонуна 16000 кВА кубаттуулуктагы жаңы трансформатор орнотулду;
  • Андан чыгарылган 10000 кВА трансформатор 35/10 кВ "Араван" көмөк чордонуна көчүрүлдү;
  • Аравандан чыгарылган 6300 кВА трансформатор 35/10 кВ "Парники" көмөк чордонуна коюлду;
  • Парникиден чыгарылган 4000 кВА трансформатор 35/10 кВ "Жаңы-Арык" көмөк чордонуна орнотулду.

Энергетиктер белгилегендей, оңдоо жана монтаждоо иштери жүрүп жаткан учурда кызматкерлердин коопсуздугун камсыздоо үчүн чыңалуу убактылуу токтотулуп турат.