Эскертүү: 17-ноябрда Манас шаарында айрым көчөлөрдө кыймыл чектелет

Аймак
Эскертүү: 17-ноябрда Манас шаарында айрым көчөлөрдө кыймыл чектелет
copyright icon WWW

Бишкек, 16.11.26. /Кабар/. 17-ноябрь күнү Манас шаарында өткөрүлүүчү марафонго байланыштуу саат 14:30дан 15:30га чейин айрым көчөлөрдө унаа кыймылы убактылуу чектелет.

Мэриянын маалыматына ылайык, Азаттык аянтынан Барпы театрынын алдындагы аянтка чейинки багытта Т. Байзаков проспектисинин Курманбек көчөсүнөн Эркиндик көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол кыймылы жабылат. Мындан тышкары, Эркиндик көчөсү Ж. Бакиев жана Т. Байзаков проспектилери менен кесилишинен жабылат.