Бишкек, 23.09.26. /Кабар/. Ош шаарынын мэринин орун басары Шумкарбек Пайзиев бүгүн кытайлык курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуп, шаарды өнүктүрүүгө багытталган инвестициялык долбоорлорду талкуулады.
Мэриядан билдиришкендей, сүйлөшүүнүн алкагында заманбап жылуулук борборун жана зарыл өнөр жай ишканаларын куруу, ошондой эле шаардык инфраструктураны чыңдоо жана жаңы өндүрүш объектилерин ачуу маселелерин карашты.
Кытай тарап сунушталган демилгелерге чоң кызыгуу билдирип, өнөктөштүктү андан ары өнүктүрүүгө даяр экенин ырастады. Жыйынтыгында тараптар конкреттүү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууну жана өз ара пайдалуу кызматташууну бекемдөөнү макулдашышты.