Ошто жаңы жылдык эс алуу күндөрү браконьерлерге 68 миң сом айып пул салынды

Укук тартиби 856 14 Январь 2026 11:50
615561601_1210257487876278_7792620398622695735_n.jpg
616211946_1210257431209617_3512685826017580129_n.jpg
614909126_1210257717876255_9157860761342093915_n.jpg
615860457_1210257624542931_5411777408026216676_n.jpg
Алдыга
Артка
615561601_1210257487876278_7792620398622695735_n.jpg
616211946_1210257431209617_3512685826017580129_n.jpg
614909126_1210257717876255_9157860761342093915_n.jpg
615860457_1210257624542931_5411777408026216676_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon NABU Кыргызстан уюму

Бишкек, 14.01.26. /Кабар/. Жаңы жылдык эс алуу күндөрү Ош облусунда мыйзамсыз аңчылык жана балык уулоо фактыларын аныктоо боюнча рейддер өткөрүлүп, жыйынтыгында 68 миң сом айып пул салынды.

NABU Кыргызстан уюмунан билдиришкендей, рейддер түштүк бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан мамлекеттик экологиялык мекемелердин өкүлдөрү менен биргеликте уюштурулган.

Алгачкы текшерүү Кара-Суу жана Араван райондорунда жүргүзүлүп, Папан айыл аймагынын Күмбөз участкасында үч жаран капаста 7 даана сары канат (сава) чымчыгын мыйзамсыз кармап жүргөнү аныкталган. Алардын ар бирине 10 миң сомдон айып пул салынып, жалпы суммасы 30 миң сомду түздү. Канаттуулар жаратылышка кое берилди.

Кийинки рейд Кара-Суу, Алай жана Өзгөн райондорун камтып, балык уулоо эрежелерин бузган 3 жаранга 3 миң сом айып пул салынды. Ошондой эле Алай районунун Капчыгай участкасында тузак аркылуу үч кекилик кармаган жаран аныкталып, ага 10 миң сом айып пул жана 6 миң сом өлчөмүндө доо коюлду.

Өзгөн районунда Жазы дарыясында балык уулоо эрежелерин бузган дагы эки жаран кармалды. Алардын бирине 1 миң сом, ал эми тыюу салынган синтетикалык “экран” шайманын колдонгон жаранга 5 миң 500 сом айып пул салынды.

Мындан тышкары, Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа участкасында аң уулоо эрежелерин бузган жаранга 12 миң 500 сом айып пул салынды.