Ошто жарым жылда 30 жаңы сейил бак пайдаланууга берилди

Аймак 21 сентябрь 2026 17:20
Ошто жарым жылда 30 жаңы сейил бак пайдаланууга берилди
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 21.09.26. /Кабар/. Акыркы алты айда Ош шаарында 30 жаңы сквер жана сейил бак пайдаланууга берилип, шаардыктар үчүн эс алуу жайлары көбөйдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин кароосуз жана бош турган аймактар көрктөндүрүлүп, жөө жүрүүчү жолдор салынып, заманбап жарыктандыруу системалары орнотулду. Ошондой эле отургучтар коюлуп, аймактар жашылдандырылды.

И. Раззаков, А. Масалиев, Курманжан датка, Өзгөн жана башка көчөлөрдө жаңы коомдук мейкиндиктер түзүлдү. Алардын арасында Ак-Бууранын боюндагы үй-бүлөлүк эс алуу багы да бар.