Чет өлкөгө баруунун зарылчылыгы жок: Ошто заманбап клиника ачылды

Аймак 5 октябрь 2026 14:00
IMG_8329.jpeg
IMG_8323.jpeg
IMG_8324.jpeg
IMG_8325.jpeg
IMG_8327.jpeg
IMG_8326.jpeg
IMG_8328.jpeg
IMG_8330.jpeg
IMG_8331.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_8329.jpeg
IMG_8323.jpeg
IMG_8324.jpeg
IMG_8325.jpeg
IMG_8327.jpeg
IMG_8326.jpeg
IMG_8328.jpeg
IMG_8330.jpeg
IMG_8331.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 05.10.26. /Кабар/. Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарында ”Клиника Ош“ заманбап медициналык борборунун ачылыш аземи өттү.

Мэриядан билдиришкендей, салтанатка Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү, Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун тең төрагасы жана медицина кызматкерлери катышты.

Мэр өз сөзүндө бул борбордун ачылышы шаар үчүн маанилүү кадам экенин белгилеп, долбоорго колдоо көрсөткөн Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондуна ыраазычылык билдирди.

”Бул долбоор Кыргызстан менен Азербайжандын достук жана өз ара пайдалуу кызматташтыгынын жакшы үлгүсү. Клиниканын ишке кириши менен түштүк аймагынын тургундары үчүн сапаттуу медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгү кеңейет”, — деди калаа башчы.

Медициналык борбор жалпы 110 бейтапты кабыл алууга даяр. Ошондой эле 120 жумуш оруну түзүлдү. Клиника кардиология, кардиохирургия, неврология, нейрохирургия, урология, гинекология жана жалпы хирургия багыттары боюнча дарылоо жүргүзөт.

Борбор Ош шаарынын гана эмес, жалпы түштүк аймагынын тургундарына заманбап медициналык жардам көрсөтүп, татаал ооруларды жеринде дарылоого жана жарандардын чет өлкөгө барып дарылануу зарылдыгын азайтууга мүмкүндүк берет.