Ошто суу коргоо режимин бузган ишканага 130 миң сом айып салынды

Укук тартиби Загрузка... 09 Декабрь 2025 10:54
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 09.12.25. /Кабар/. Ош шаарында суу коргоо режимин бузган ишканага айып салынды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Фирма МПА" ЖЧКсынын "Жекелик" каналынын суу коргоо тилкесинде мыйзамсыз жайгашкандыгы аныкталган. Текшерүү учурунда компания тарабынан суу коргоо зоналарынын талаптары сакталбаганы белгилүү болду.

Аталган ишканага КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, жалпы 117 миң сом айып пул салынды.

Мындан тышкары, ишканага "Жекелик" каналынын суу коргоо тилкесин бошотуу жана мыйзам талаптарын аткаруу боюнча жазма буйрук берилип, аны аткаруу үчүн бир айлык мөөнөт белгиленген. Бирок, кайра текшерүүдө талаптар аткарылбагандыктан кошумча дагы 13 миң сом айып салынды.