Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. Ош шаарындагы Сулайман-Тоодон өз алдынча түшө албай калган Россиянын 1994-жылы туулган жараны куткарылды.
ӨКМдин маалыматына ылайык, окуя 9-октябрда болуп, жерине төрт куткаруучу жөнөтүлгөн.
Алар жаранды атайын шаймандардын жардамы менен аман-эсен коопсуз жайга түшүрүшкөн.