Ошто мурдагы чиновник өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип кармалды

Укук тартиби Загрузка... 27 Март 2025 13:31
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек 27.03.25 /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө кызматынын Ош шаары, Ош жана Баткен облустары боюнча башкармалыгынын мурдагы башчысы өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык фактысы боюнча кармалды. Бул туурадуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында 14-мартта Ош шаарында кызматтык абалынан пайдалануу менен өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызматтын Ош шаары, Ош жана Баткен облустары боюнча башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Д.К.Т.ны кармады.

Кармалган жаран КР өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Ош аймактык башкармалыгынын юристи болуп, 2021-жылы өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, ишенимге кирип, курулуш компаниялардын биринин директорунан Ош шаарында көп кабаттуу үй курууга маморгандардан уруксат берүүчү керектүү документтерди тоскоолдуксуз алганы үчүн 14 миң доллар өлчөмүндө акча алган.

Белгиленген акча каражаттарынан тышкары, кармалган жаран кызматы үчүн курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн үч бөлмөлүү батир талап кылып, күрөө катары "Тайота Фораннер" үлгүсүндөгү жол тандабасты алып, аны жакын тууганына каттаткан.

Ошол эле учурда азыркы учурга карата алган милдеттенмелерин аткарган эмес жана алынган акча каражаттарын кайтарган эмес.

Ош шаардык сотунун 2025-жылдын 15-мартындагы чечими менен кармалган жарандын баш коргоо чарасы УКМКнын тергөө абагына камакка алуу түрүндө тандалып алынды.

Иш боюнча тергөө иштери уланууда.