Ошто мугалимдердин август педагогикалык форуму өтүүдө

532128893_1201713755335700_8433990663863269172_n.jpg
533536525_1201713615335714_6454140590439787163_n.jpg
533727533_1201713448669064_2514201192171594982_n.jpg
533813945_1201713452002397_8586510618824625432_n.jpg
534568057_1201713468669062_472217857212484407_n.jpg
534671447_1201713572002385_5010836819282665586_n.jpg
534813101_1201713662002376_4926369553391558645_n.jpg
Алдыга
Артка
532128893_1201713755335700_8433990663863269172_n.jpg
533536525_1201713615335714_6454140590439787163_n.jpg
533727533_1201713448669064_2514201192171594982_n.jpg
533813945_1201713452002397_8586510618824625432_n.jpg
534568057_1201713468669062_472217857212484407_n.jpg
534671447_1201713572002385_5010836819282665586_n.jpg
534813101_1201713662002376_4926369553391558645_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 18.08.2025. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарында "Алтын Казык – доор өзгөрткөн билим" август педагогикалык форуму өз ишин баштады. Иш-чара Агартуу министрлиги тарабынан уюштурган.

Билим берүү тармагындагы жылдын эң башкы окуясы 400дөн ашуун катышуучунун: мугалимдер менен мектеп директорлорунун, бала бакчалар менен кесиптик лицейлердин кызматкерлеринин, жогорку окуу жайлардын, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн башын бириктирди.

Ведомстводон маалымдашкандай, коноктордун арасында президенттин администрациясынын өкүлдөрү, президенттин облустардагы өкүлдөрү жана алардын орун басарлары, ошондой эле Азия өнүктүрүү банкы, ЮНИСЕФ, Дүйнөлүк банк, Европа Биримдиги, Ага Хан фондунун жана БУУнун өкүлдөрү бар.

Форумдун максаты – “Алтын Казык” программасын ишке ашыруунун алкагында билим берүүнү трансформациялоонун артыкчылыктарын жана натыйжалуу механизмдерин талкуулоо.

Форум президент Садыр Жапаровдун видео кайрылуусун көрсөтүү менен салтанаттуу түрдө ачылды. Мамлекет башчысы реформалардын стратегиялык маанисин жана мугалимдердин келечек муунду даярдоодогу өзгөчө ролун белгиледи.

Алгач агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева сөз сүйлөп, андан кийин президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары Азамат Кадыралиев катышуучуларга кайрылуу жасады.

Ал мамлекет билим берүү системасын өнүктүрүүгө, бул тармакка инвестицияларды көбөйтүүгө, заманбап мектептерди жана бала бакчаларды курууга, ошондой эле педагогдорду колдоо боюнча чараларга көңүл буруп жатканын баса белгиледи. Реформанын негизги кадамдары катары 12 жылдык окутууга өтүүгө, STEM багыттарын киргизүүгө жана мектепке чейинки билим берүү менен камтууну кеңейтүүгө өзгөчө басым жасалды.