Ошто милиция кызматкерлери 300 миң сом пара менен кармалды

Укук тартиби 26 ноябрь 2025 16:41
WhatsApp Image 2025-11-26 at 14.33.46 (4).jpeg
WhatsApp Image 2025-11-26 at 14.33.47.jpeg
WhatsApp Image 2025-11-26 at 14.33.47 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-11-26 at 14.33.47 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-11-26 at 14.33.46 (3).jpeg
WhatsApp Image 2025-11-26 at 14.33.45 (3).jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon УКМК

Бишкек, 26.11.25. /Кабар/. УКМК опузалап акча талап кылган Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерин кармады.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында ички иштер башкармалыгынын М.Ж.А. жана С.А.Ш. аттуу кызматкерлери 300 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган.

Тактап айтканда, Араван РИИБдин кызматкери М.Ж.А. Ноокат РИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү С.А.Ш. менен биргеликте жүргүзүлүп жаткан тергөөгө чейинки текшерүү иштеринде оң чечим чыгарууга жардам берүү үчүн жарандан 300 миң сом талап кылган.

Кармалган учурда шектүүлөрдүн бири каршылык көрсөтүп, акчаны жок кылууга аракет кылып, анын бир бөлүгүн дааратканага ыргытып жиберген.

Учурда тергөө жана ыкчам иш-чаралар улантылып жатат.

Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.