Бишкек, 27.08.26. /Кабар/. Ошто коопсуздук талаптарын сактабаган компанияга айып салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош шаары боюнча мамлекеттик архитектура курулуш контролдоо башкармалыгы Мамыров көчөсүндө курулуп жаткан 12 кабаттуу турак жайдын курулушун текшерди.
Анда турак жай үчүн казылган котлован объектинин тосмосунан чыгып, кооптуу абал жаралгандыгы аныкталган.
Мындан улам “Найман Ийгилик” ЖЧКсына 200 миң сом айып салынып, курулуш талаптарын так сактоо жана аныкталган кемчиликтерди жоюу талабы коюлган.
“Бүгүнкү күндө курулуш объектисиндеги кемчиликтер толук жоюлуп, аймактагы тосмо талапка ылайык бекемделди”, - деп белгилешти министрликтен.