Ошто кампадан чыккан өрт чектөөгө алынды

549196360_1193478112824913_2182023713357442460_n.jpg
547832275_1193477846158273_7246243946424018570_n.jpg
549488064_1193478059491585_7205698165295177392_n.jpg
Алдыга
Артка
549196360_1193478112824913_2182023713357442460_n.jpg
547832275_1193477846158273_7246243946424018570_n.jpg
549488064_1193478059491585_7205698165295177392_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 18.09.25. /Кабар/. Ош шаарында кампадан чыккан өрт чектөөгө алынды. бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн саат 15:03 чамасында Раззаков көчөсүндө жайгашкан кампалардын биринен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 7 күжүрмөн эсеп жана автошаты тартылып, саат 16:30да тилсиз жоо чектөөгө алынган. Учурда өрттү толук өчүрүү аракети көрүлүүдө.

Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген зыяндын өлчөмү такталууда.

Кошумча маалымат берилет.