Ошто 75 жыл мурун жабылган көрүстөндөр рекультивацияланат

Аймак 14 Март 2025 15:36
484415061_983839980601566_4455080100303333373_n.jpg
484792553_983834687268762_8030828072500972408_n.jpg
484547009_983834630602101_6726045797345055158_n.jpg
484650979_983834370602127_1964638935881947402_n.jpg
484022896_983833840602180_1674605761672237349_n.jpg
483908085_983837443935153_8534281235893666372_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 14.03.25. /Кабар/. Ош шаарында коомчулуктун пайдалануусу үчүн мындан 75 жыл мурда жабылып калган көрүстөндөрдү рекультивация кылуу боюнча жумуштар жүргүзүлөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн шаар мэри Жеңишбек Токторбаев, казияттын өкүлдөрү жана тиешелүү кызматтар менен бирге шаардагы эски жабылган көрүстөндөрдү жеринен көрүп чыкты.

Алсак, шаардагы И.Раззаков, Пахта, А.Шакиров көчөлөрүндөгү 75 жылдан ашык убакыт мурун жабылган көрүстөндөрдү көрүп, аларды рекультивациялоо менен коомдук муктаждыктар үчүн пайдалануу маселесин талкуулады.