Бишкек 25.03.25 /Кабар/. Ош шаарындагы “Акгөр” көрүстөнүндө рекультивациялоо иштери башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясыны билдирди.
Маалыматка ылайык, көрүстөн мындан 73 жыл мурун жабылган жана анын аянты 19 сотыхты түзөт. Көрүстөндү рекультивациялоонун максаты – аны коомдук муктаждыктар үчүн кайра пайдалануу болуп саналат. Буга чейин тиешелүү кызматтар тарабынан дезинфекциялоо иштери жүргүзүлгөн.
Белгилей кетсек, кечээ, 24-март күнү Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Ош шаарынын казысы Мирлан ажы Токтомушев, Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыктын өкүлдөрү, аксакалдар жана жергиликтүү тургундар чогулуп, жалпы маркумдарга куран окулуп, курмандык чалынган.
Эске салсак, буга чейин Ош шаарында коомчулуктун пайдалануусу үчүн мындан 75 жыл мурда жабылып калган көрүстөндөрдү рекультивация кылуу боюнча жумуштар жүргүзүлөрү маалымдалган.