Бишкек, 12.10.26 /Кабар/. Ош шаарындагы Супаналиев жана Т.Асанов көчөлөрү капиталдык оңдоодон кийин пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Супаналиев көчөсүнүн жолунун туурасы 4 метрден 6 метрге чейин кеңейтилди. Ошондой эле бордюрлар, ирригациялык лотоктор орнотулуп, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар салынды.
Ал эми Т.Асанов көчөсүнүн А.Алиев көчөсүнөн Алаев көчөсүнө чейинки бөлүгүнө эки катмар асфальт төшөлүп, эки тараптан тротуарлар курулду жана ирригациялык арыктар орнотулду.
"Учурда Ош шаарында жолдорду капиталдык оңдоо, асфальт төшөө жана жол инфраструктурасын жаңылоо иштери улантылууда", - деп айтылат маалыматта.