Ошто 15 жаштагы кыз аттракциондон кулап каза болду. Окуянын чоо-жайы

Загрузка... 22 Сентябрь 2025 15:50
gU93sT-ckQg.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 22.09.25. /Кабар/. Күн мурун Ош шаарындагы А.Навои эс алуу паркында жайгашкан "Викинг" аттракциондон Кара-Суу районунун тургуну, 2010-жылы туулган Ш. Т. кулап кеткен.

Шаардык милициянын маалыматына караганда, окуя кылмыштарды жана жоруктарды бирдиктүү эсепке алуу электрондук журналына катталып, ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барган.

Текшерүүдө 2010-жылы туулган Ш.Т. селкинчектен кулап кетип, окуя болгон жерде каза болгону аныкталды. Маркумдун сөөгүнө жана окуя болгон жерге тиешелүү кароо жүргүзүлгөн.

Окуя болгон учурда маркумдун жанында болгон курбулары Р. Р. жана И. О.дон көрсөтмөлөр алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Ошондой эле "Викинг" селкинчегин иштеткен 2002-жылы туулган А. уулу С. да тергөө камсыздалып, тиешелүү сурак иштери жүргүзүлүүдө.

Учурда аталган факты боюнча ар тараптуу териштирүү иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгы кошумча маалымдалат.