Бишкек, 21.09.26. /Кабар/. Ош шаарында 100 млн долларлык инвестициялык долбоорду ишке ашыруу пландалууда. Бул боюнча Ош шаарынын мэриясы Кытайдын Shandong Shanzuo Holding Group Co., Ltd. компаниясы менен инвестициялык кызматташтык жөнүндө меморандумга кол койду.
Муниципалитеттен билдиришкендей, долбоор ишке ашса, шаарда 500 жаңы жумуш орду түзүлөт. Инвестор долбоорду каржылоо, долбоорлоо жана куруу иштерин жүргүзүп, керектүү технология, жабдуулар жана адистер менен камсыздайт.
Мэрия өз кезегинде долбоорду ишке ашырууга ылайыктуу жер тилкесин аныктоого жана уюштуруу-административдик маселелерди чечүүгө көмөктөшөт.