Оштун мэри жеке менчикке өткөн бала бакчаны мамлекетке кайтарууну тапшырды

Аймак Жүктөлүүдө... 27 Май 2025 12:27
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Алдыга
Артка
Алдыга
Артка
copyright icon Ош шаардык мэриясы

Бишкек, 27.05.25. / Кабар/. Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн Ж.Шамшиев жана Демократ көчөлөрүндө текшерүү иштерин жүргүздү.

Мэриядан билдиришкендей, рейд учурунда калаа башсчысы Демократ көчөсүндөгү жолду кеңейтүү жана капиталдык оңдоо иштери солгун жүрүп жатканын белгилеп, иштин ылдамдыгын тездетип, долбоорду тез арада сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды.

Андан соң А.Масалиев көчөсүн карап чыгып, жеке жака өткөн бала бакчаны мамлекеттин менчигине кайтаруу тапшырмасын берди. Мындан тышкары, ал тротуардын курулушун бүткөрүүнү жана жашыл аянтты жашылдандырууну талап кылды.

Ошондой эле Токторбаев Ж. Раимбеков көчөсүн карап чыгып, анын боюнда жайгашкан бир катар соода имараттарынын мыйзамдуулугун текшерүүнү тапшырды.