Бишкек, 29.06.26. /Кабар/. Ош шаарында Курманжан датка көчөсүн капиталдык оңдоп-түзөө иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда аталган көчөнүн Аматов көчөсүнөн Токтомушев көчөсүнө чейинки бөлүгүнө асфальт төшөлүүдө.
Жолдун узундугу 1 чакырымды, туурасы 24 метрди түзөт. Эки четинде ирригациялык тутум, жашыл аймагы каралган.