Ош шаарында аллеянын курулушу кызуу жүрүүдө

Аймак Загрузка... 20 Май 2025 09:32
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 20.05.25. /Кабар/. Ош шаарында Жолон Мамытов атындагы аллеянын курулушу кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Бүгүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таңкы рейддик кыдыруунун алкагында улуу акын Жолон Мамытовдун 85 жылдыгына карата даярдык иштерин көрүп чыкты.

Мэр аллеяда жүрүп жаткан оңдоо жана көрктөндүрүү иштерин жеринде текшерип, курулушту белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу бүткөрүү зарыл экендигин билдирди.

Шаар башчысы тиешелүү кызматтарга аяллеянын айланасындагы турак үйлөрдүн сырткы көрүнүшүн иретке келтирүү, тазалыгын камсыз кылуу жана бак-дарактарды бутап, бирдей көрүнүшкө келтирүүнү тапшырды.