Ош шаарында дзюдо боюнча өлкө чемпионаты өтөт

Спорт Загрузка... 21 Январь 2026 10:40
618376204_902566812116537_7240916103200809830_n.jpg
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 21.01.26. /Кабар/. 23-25-январь күндөрү Ош шаарында Кыргызстандын дзюдо боюнча чемпионаты өтөт.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдеште кыз-келиндер 48, 52, 57, 63, 70, 78 кг чейинки жана +78 кгдан жогору салмак категорияларында күч сынашат. Ал эми эркектер 60, 66, 73, 81, 90, 100 кг чейинки жана +100 кгдан жогору салмак ченинде беттешет.

Чемпионатты өткөрүүнүн негизги максаты - 2026-жылга карата Кыргызстандын эркектер жана кыз-келиндер арасындагы улуттук курама команданын курамын түзүү жана аныктоо.

Ошондой эле дзюдо боюнча курама командага талапкерлерди тандоо, жаштардын ынтымагын бекемдөө, жаштарды дене тарбия жана спорт менен машыгууга үндөө, балбандардын чеберчилигин жогорулатуу болуп саналат.

Чемпионат Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин колдоосу менен, Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Дзюдо федерациясы тарабынан уюштурулууда.