Ош шаарында 500 орундуу жаңы мектеп ачылды

Аймак 6 октябрь 2026 12:55
WhatsApp Image 2026-10-06 at 12.39.46.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-06 at 12.40.09.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-06 at 12.40.04.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-10-06 at 12.39.46.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-06 at 12.40.09.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-06 at 12.40.04.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 06.10.26 /Кабар/. Ош шаарындагы Сүрөттүү-Таш айылында 500 орундуу №60 Сүрөттүү-Таш жалпы билим берүү мектеби пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы мектеп бүгүн, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин онлайн катышуусунда өлкө боюнча ачылган 20 социалдык объектинин катарында пайдаланууга берилди.

Жаңы мектеп 500 окуучуга ылайыкташкан. Анын курулушу быйыл апрель айында башталып, республикалык бюджеттен каржыланган.