Ош облусунда 8 миңден ашык суур жана суу келемиши катталды

Экология Загрузка... 08 Июль 2026 11:35
WhatsApp Image 2026-07-08 at 08.37.15.jpeg
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 08.07.26. /Кабар/. Ош облусунун аймагында жазгы суур жана суу келемишин эсепке алуу иштери ийгиликтүү жүргүзүлдү.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, талаа байкоолорунун алкагында аймакта 8 миңден ашуун суур жана 20 баш суу келемиши катталды.

WhatsApp Image 2026-07-08 at 08.37.15 (1).jpeg
"Эң башкысы жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында жапайы жаныбарлардын арасында эч кандай жугуштуу оорулардын белгилери табылган жок", - деп айтылат маалыматта.

Санак иштерине аңчылык чарбаларынын, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, мамлекеттик коруктардын жана жаратылыш парктарынын кызматкерлери тартылды.

Белгиленгендей, мындай эсепке алуу иштери аймактагы биоартүрдүүлүктү сактоо, жапайы жаныбарлардын санын жана алардын жашоо чөйрөсүн туруктуу көзөмөлдөө максатында өткөрүлүп келет.