Ош облусу менен Кытайдын Ганьсу провинциясынын кызматташтыгы талкууланды

Аймак 03 Ноябрь 2025 18:26
1.jpg
576271440_122190237992368081_9214541932017650439_n.jpg
574484120_122190238022368081_3889184150556148627_n.jpg
574943166_122190238328368081_2046304972003903086_n.jpg
575091150_122190238298368081_5965255896299948985_n.jpg
575102225_122190237980368081_9223188190735227668_n.jpg
575184532_122190238286368081_7342977920444248891_n.jpg
Алдыга
Артка
1.jpg
576271440_122190237992368081_9214541932017650439_n.jpg
574484120_122190238022368081_3889184150556148627_n.jpg
574943166_122190238328368081_2046304972003903086_n.jpg
575091150_122190238298368081_5965255896299948985_n.jpg
575102225_122190237980368081_9223188190735227668_n.jpg
575184532_122190238286368081_7342977920444248891_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 03.11.25. /Кабар/. Бүгүн Кытадын Ганьсу провинциясынан делегациясы иш сапары менен Ош облусуна келип, эки тараптуу жолугушуулар өттү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чарага президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Илияз Ташбаев жана Ганьсу провинциясынын Элдик саясий кеңешинин төрагасынын орун басары Хо Вэйпин жетектеген делегация катышты.

Жолугушуу боордоштук жана кызматташтык мамилелеринин алкагында уюштурулуп, анда бир катар маанилүү маселелер талкууланды. Тараптар Ош облусу менен Ганьсу провинциясынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары бекемдөө, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү боюнча пикир алышты.

Өз сөзүндө Илияз Ташбаев эки аймактын ортосундагы боордоштук мамилелер 2013-жылы түзүлгөнүн белгилеп, ушул жылдар аралыгында билим берүү, саламаттыкты сактоо жана гуманитардык жааттарда жигердүү иш алып барылганын баса белгиледи. Ошондой эле COVID-19 пандемиясы учурунда Ганьсу провинциясы көрсөткөн гуманитардык жардам үчүн ыраазычылык билдирди.

Тараптар Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу долбоору, логистикалык борборлорду түзүү, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы, туризм, билим берүү жана маданий алмашуу багыттарында кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле Ош облусунда кытай капиталы катышкан ишканалардын ишмердүүлүгү жана жаңы инвестициялык долбоорлор каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгаруу максатында соода, инвестиция, туризм, айыл чарба жана билим берүү тармактарын камтыган "Жол картасын" иштеп чыгуу боюнча макулдашты.

Иш-чара достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өтүп, эки тарап тең боордоштук мамилелерди мындан ары чыңдоого даяр экенин билдиришти.