Ош облусу ички керектөө менен катар экспортту теңдештирүүгө умтулууда

Аймак Загрузка... 15 Май 2026 13:45
WhatsApp Image 2026-05-15 at 13.44.23.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 15.05.26 /Кабар/. Ош облусу ички керектөө менен катар экспортту теңдештирүүгө умтулууда. Бул тууралуу облус жетекчиси Аманкан Кенжебаев “Ачык кабинет” долбоорунун алкагында билдирди.

Анын айтымында, былтыркы жылы Ош облусу 85 млрд сомго өсүмдүктөрдү өстүргөн.

“Ар бир өскөн продукцияны экспортко чыгаруу тапшырмасын алганбыз. Ош облусу ички керектөө жана сыртка чыгаруу боюнча өлкөдө биринчи орунда турат. Учурда импорт 60-65%, экспорт 30-35%ды түзөт. Президент бизге экөөнү теңдештирүү, сыртка жиберүүнү дагы жок дегенде 50%га жеткирүү тапшырмасын койгон. Биз аны аткарууга аракет жасап жатабыз”,-деди облус башчысы.