Бишкек, 02.09.26. /Кабар/. Ош шаары менен Пакистандын Лахор шаарынын ортосунда боордоштук байланыштарды түзүү жөнүндөгү келишимге кол коюлду. Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев белгилегендей, эки тараптуу сүйлөшүүдө шаарлар ортосунда билим берүү, туризм тармактарында кызматташуу талкууланды..
“Лахор дагы Ош шаарындай эле калкынын саны боюнча Пакистандагы экинчи шаар болуп саналат. Калкынын саны 15 миллионго чейин жетет. Учурда Кыргызстанда Пакистандан келип окуган студенттердин көпчүлүгү Лахордон болот. Ошондуктан биз айрыкча билим берүү тармагында иштешебиз деп сүйлөшүп жатабыз. Студенттердин санын көбөйтүүнү да карайбыз. Азыр Лахордон Бишкекке түз аба каттамдары бар. Биз эми Лахордон Ошко да каттам ачууну караштырабыз”, - деди Ош шаарынын мэри.