Ош менен Гянжа боордош шаарлар катары кызматташат

Коом 31 Июль 2026 10:50
WhatsApp Image 2026-07-31 at 10.27.39.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 31.07.26 /Кабар/. Кыргызстандын Ош шаары менен Азербайжандын Гянжа шаары боордош шаарлар болушат. Бул тууралуу Чолпон-Ата шаарында Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев билдирди.

Анын айтымында ортодо бул тууралуу тараптардын макулдашуусу болду.

“Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин мамлекеттик сапарынын алкагында Ош шаары менен Гянжа шаарынын ортосунда боордош шаарлар катары эки тараптуу келишимге кол коюлду.
“Гянжа тарыхы, маданияты жана байыркы шаар катары Ошко окшош болгондуктан, эки шаар туризмди, инфраструктураны өнүктүрүү жана экономикалык кызматташтыкты чыңдоо багытында кызматташа баштайт.
Жакынкы аралыкта расмий делегациялар аркылуу Ош жана Гянжа шаарларына өз ара иш сапарларын уюштурууну пландадык”,-деди шаар мэри.