ОСАГО: Бишкекте 31 айдоочуга 2 млн сомдон ашык камсыздандыруу төлөмү берилди

Коом Загрузка... 12 Март 2026 12:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 12.03.26. /Кабар/. Бүгүн Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Бишкек филиалы 31 жаранга ОСАГО жана КАСКО полистери боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүн тапшырды. Атап айтканда, аларга жалпысынан 2 млн 906 миң сомдук каражат берилди.

Филиалдын директорунун орун басары Бактыбек Жунусовдун айтымында, мурда төлөмдөр бир ай ичинде каралса, уюм жетекчилигинин талабына ылайык, акыркы учурда 2 жуманын ичинде берилүүдө.

"Бүгүн жарандар төлөм сертификаттарын алып жатышат. Бишкек филиалы камсыздандыруучуларга жыл башынан бери 48 млн 959 миң сом төлөп берди. Ал эми 2025-жылы жалпысынан 69 млн 746 миң сом төлөнгөн. Бул салыштырмалуу эң жогорку көрсөткүч болуп саналат. Бишкек шаарында 2 миллиондун тегерегинде транспорт каражаты бар деп саналса, биздин талдоолорго ылайык, 2025-жылы алардын 10 пайызы камсыздандырылган. Негизи биздин уюмдан сырткары 17 жеке менчик компания бар, алар дагы ушул багытта иш алып барышат", — деди орун басар.

Белгилей кетсек, "ОСАГО" — бул автотранспорт каражат ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу программасы.

"ОСАГО жөнүндө" мыйзам 2016-жылы кабыл алынып, 2025-жылдын 1-сентябрынан тарта толук күчүнө кирген.