Бишкек, 08.04.26 /Кабар/. №3 шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын дарыгерлери 2 жаштагы баланын кызыл өңгөчүнөн тыйынды операциясыз алып чыгышты. Бул тууралуу аталган ооруканадан билдиришти.
Маалым болгондой, кызыл өңгөчүнө тыйын тыгылып калган наристе Нарындан Бишкекке жөнөтүлгөн. Бөтөн зат кызыл өңгөчтүн экинчи физиологиялык тар жерине туруп калгандыктан, аны буга чейинки үч ооруканадан алып чыга албай коюшкан.
Ал эми тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын дарыгерлери тыйынды операциясыз, Фолея катетерин колдонуу ыкмасы менен алып чыгышты. Учурда баланын абалы жакшы. Ал дароо үйүнө чыгарылып, өз алдынча тамактанып калды.