OpenAI Азиянын 16 өлкөсүндө ChatGPT`нин тарифин арзандатат

Дүйнө Загрузка... 10 Октябрь 2025 11:20
WhatsApp Image 2025-10-10 at 09.21.31.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 10.10.25 /Кабар/. OpenAI компаниясынын эң арзан тарифтик планы болгон ChatGPT Go кызматы Азиядагы дагы 16 өлкөдө жеткиликтүү болот. Бул тууралуу компаниянын вице-президенти Ник Терли билдиргенин Интерфакс жазды.

Маалыматта белгиленгендей, буга чейин бул тариф Индияда жана Индонезияда ишке киргизилип, баасы болжол менен 4,5 долларды түзгөн. Эми ал Афганистан, Бангладеш, Бутан, Бруней, Камбоджа, Лаос, Малайзия, Мальдивы, Мьянма, Непал, Пакистан, Филиппин, Шри-Ланка, Таиланд, Чыгыш Тимор жана Вьетнам өлкөлөрүндө да жеткиликтүү болот.

Бул тариф колдонуучуларга кеңейтилген мүмкүнчүлүктөрдү, анын ичинде сүрөт жасоо функциясын да сунуштайт. Компания мындай кадам менен жаңы GPT-5 моделин көбүрөөк адамдарга жеткиликтүү кылууну көздөөдө.

Азыркы учурда OpenAI дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө “ChatGPT Plus” — $20 жана “ChatGPT Pro” — $200 (айына) негизги тарифтерин сунуштап келет.