Бишкек, 15.09.26. /Кабар/. Турмуштук оор кырдаалга кабылган аялдарды колдоого жана алардын экономикалык өз алдынчалыгын камсыз кылууга багытталган "Кейтеринг" социалдык долбоору ишке кирди.
Парламенттен билдиришкендей, долбоор Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы Аялдардын, балдардын укуктарын коргоо жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин катчылыгы тарабынан "Эне үй" ресурстук борбору менен биргеликте жүзөгө ашырылууда.
Анын негизги максаты ресурстук жана кризистик борборлордо жашаган аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, эмгекке аралашуусуна, туруктуу киреше табуусуна, социалдык адаптацияланышына көмөктөшүү жана экономикалык жактан өз алдынча болуусуна шарт түзүү болуп саналат.
Долбоордун алгачкы тапшырыгы Миграция жана адамдарды сатууга каршы аракеттенүү маселелери боюнча кеңештин катчылыгынын колдоосу менен аткарылууда.
Иш-чаранын катышуучулары аялдардын укуктарын коргоо жана гендердик теңчилик маселелерине көңүл буруу мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп, "Кейтеринг" долбоору аталган багыттагы маанилүү социалдык демилге болорун билдиришти.