Olympic Day: 21-июнда Бишкектин айрым көчөлөрү убактылуу жабылат

Спорт Загрузка... 19 Июнь 2026 12:10
zabeg-1-1 (1).jpg
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 19.06.26. /Кабар/. Бишкек шаарында Olympic Day эл аралык спорттук майрамы өтөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, спорттук иш-чара 21-июнда Т. Усубалиев атындагы аянтта өтмөкчү. Катышуучуларды чогултуу саат 09:00до башталат, ал эми чуркоонун старты саат 10:00гө белгиленген.

Чуркоо маршруту Абдумомунов, Орозбеков, Раззаков жана Рыскулов көчөлөрү аркылуу В.И. Лениндин эстелигинин айланасы менен өтөт.

Буга байланыштуу 21-июнда саат 08:00дөн 14:00гө чейин чуркоо маршруту өтө турган көчөлөрдө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.